Инвестициялык вектор






#КыргызстанАкыйкаты
Инвестициялык вектор: Ош облусунун мүмкүнчүлүктөрү жана өнүгүү келечеги
Бүгүн, 10-июнда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан «Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүүсү» аталышындагы семинар өткөрүлдү.
Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев сөз сүйлөштү.
Иш-чара инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, аймактык долбоорлорду колдоого, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүүгө багытталды.
Өз сөзүндө Равшанбек Сабиров аймактардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү Улуттук агенттиктин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Ош облусу экономикалык, өнөр жай жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири аймактардын бири болуп саналат. Биздин максат жергиликтүү бизнес менен тыгыз кызматташуу аркылуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуу. Мындай жолугушуулар көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, аларды чечүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», — деди ал.
Семинардын жүрүшүндө инвестициялык климат, «бирдиктүү терезе» механизми, АИС «Инвестиции» системасы, инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары жана кепилдиктер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвесторлордун кайрылууларын кароо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бизнес-коомчулук, тармактык мекемелер жана эл аралык өнөктөштөр катышты.
Жыйынтыгында инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусун чыңдоо жана аймакка инвестицияларды тартуу боюнча сунуштар айтылды.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөнүн бардык аймактарында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат. Ушундай эле форматтагы жолугушуулар жана семинарлар башка облустарда да өткөрүлөт.
*****
#AkıykatKG
Инвестиционный вектор: возможности и перспективы развития Ошской области
Сегодня, 10 июня, в городе Ош Национальным агентством по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики был проведен семинар на тему «Инвестиционный вектор: возможности регионов и устойчивое развитие».
С приветственными словами на открытии семинара выступили глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров, полномочный представитель Президента Кыргызской Республики в Ошской области Аманкан Кенжебаев, мэр города Ош Жанарбек Акаев, а также руководитель Секретариата Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Кабинете Министров Кыргызской Республики Улук Кыдырбаев.
Мероприятие было направлено на развитие инвестиционного сотрудничества, поддержку региональных проектов, расширение взаимодействия между государственными органами и представителями бизнеса, а также разъяснение государственной политики в сфере привлечения инвестиций.
В своем выступлении Равшанбек Сабиров отметил, что развитие инвестиционного потенциала регионов является одним из приоритетных направлений деятельности Национального агентства.
«Ошская область является одним из регионов с широкими экономическими, промышленными и логистическими возможностями. Наша цель — через тесное взаимодействие с местным бизнесом продвигать инвестиционные проекты, создавать благоприятные условия для инвесторов и содействовать устойчивому развитию регионов. Такие встречи позволяют обсуждать существующие вопросы на местах и вырабатывать эффективные механизмы их решения», — отметил он.
В ходе семинара участникам была представлена информация об инвестиционном климате страны, механизме «единого окна», информационной системе АИС «Инвестиции», а также о мерах государственной поддержки и гарантиях для инвесторов. Кроме того, были обсуждены вопросы реализации инвестиционных проектов, рассмотрения обращений инвесторов и развития проектов государственно-частного партнерства.
В мероприятии приняли участие представители государственных органов и органов местного самоуправления, бизнес-сообщества, отраслевых организаций и международных партнеров.
По итогам семинара были озвучены предложения по развитию инвестиционной инфраструктуры, укреплению взаимодействия между государственными органами и бизнесом, а также привлечению инвестиций в регион.
Национальное агентство по инвестициям продолжит работу по расширению инвестиционных возможностей во всех регионах страны и созданию благоприятных условий для инвесторов. Аналогичные встречи и семинары будут проведены и в других областях Кыргызской Республики.
*****
Инвестициявий вектор: Ош вилоятининг имкониятлари ва ривожланиш истиқболлари
10 июнь куни Ош шаҳрида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик томонидан «Инвестициявий вектор: ҳудудларнинг имкониятлари ва барқарор ривожланиши» мавзусида семинар ўтказилди.
Тадбирнинг очилиш маросимида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров, Президентнинг Ош вилоятидаги ваколатли вакили Аманкан Кенжебаев, Ош шаҳри мэри Жанарбек Акаев ҳамда Қирғиз Республикаси Вазирлар Маҳкамаси ҳузуридаги Бизнесни ривожлантириш ва инвестициялар бўйича кенгаш котибияти раҳбари Улук Қидирбаев иштирок этиб, йиғилганларга мурожаат қилди.
Семинар инвестициявий ҳамкорликни ривожлантириш, ҳудудий лойиҳаларни қўллаб-қувватлаш, давлат органлари ва бизнес вакиллари ўртасидаги ҳамкорликни кенгайтириш, шунингдек инвестицияларни жалб қилиш соҳасидаги давлат сиёсатини тушунтиришга бағишланди.
Тадбирда сўз олган Равшанбек Сабиров ҳудудларнинг инвестициявий салоҳиятини ривожлантириш Миллий агентлик фаолиятининг устувор йўналишларидан бири эканини таъкидлади.
— Ош вилояти иқтисодий, саноат ва логистика имкониятлари кенг бўлган ҳудудлардан бири ҳисобланади. Бизнинг мақсадимиз маҳаллий бизнес билан яқин ҳамкорлик ўрнатиш орқали инвестициявий лойиҳаларни илгари суриш, инвесторлар учун қулай шарт-шароитлар яратиш ва ҳудудларнинг барқарор ривожланишига кўмаклашишдан иборат. Бундай учрашувлар мавжуд муаммоларни жойларда муҳокама қилиш ва уларни ҳал этишнинг самарали механизмларини ишлаб чиқиш имконини беради, — деди агентлик раҳбари.
Семинар давомида иштирокчиларга мамлакатнинг инвестициявий муҳити, «Ягона дарча» механизми, «Инвестициялар» автоматлаштирилган ахборот тизими, инвесторлар учун давлат томонидан тақдим этиладиган қўллаб-қувватлаш чоралари ва кафолатлар ҳақида батафсил маълумот берилди.
Шунингдек, инвестициявий лойиҳаларни амалга ошириш, инвесторлар мурожаатларини кўриб чиқиш ҳамда давлат-хусусий шериклик лойиҳаларини ривожлантириш масалалари муҳокама қилинди.
Тадбирда давлат ва маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари вакиллари, бизнес ҳамжамияти, соҳавий ташкилотлар ҳамда халқаро ҳамкорлар иштирок этди.
Семинар якунида инвестициявий инфратузилмани такомиллаштириш, давлат органлари ва бизнес ўртасидаги ҳамкорликни мустаҳкамлаш ҳамда вилоятга инвестициялар оқимини кўпайтириш бўйича қатор таклифлар илгари сурилди.
Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик мамлакатнинг барча ҳудудларида инвестициявий имкониятларни кенгайтириш ва инвесторлар учун янада қулай муҳит яратиш борасидаги ишларини изчил давом эттиради. Шу каби семинар ва мулоқотлар республиканинг бошқа вилоятларида ҳам ташкил этилиши режалаштирилган.
Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...





Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкө аймактарынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун күчөтүү жана инвестициялык долбоорлорду практикалык ишке ашыруу баскычына чейин жеткирүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан «Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аталышындагы аймактык семинарлар уюштурулууда.

#КыргызстанАкыйкаты

#КыргызстанАкыйкаты



Бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу талкуу өттү. Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, стартап экосистемасынын катышуучулары, инвесторлор жана тармактык эксперттер катышты.





#КыргызстанАкыйкатыПресса
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров үстүбүздөгү жылдын 24–25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагында өтө турган ШКУнун Инвестициялык форумуна даярдык көрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
«Ош облусунун Чоң-Алай районунда санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен жылуулук электр станциясын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөштү тандап алуунун жеңүүчүсү аныкталды.





